Бишкек шаарында 400гө жакын адам катышкан «Менин үнүм – менин келечегим» аттуу республикалык форум аяктады. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү, атап айтканда, зомбулук, коррупция жана эрте нике сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.
Агартуу министрлигинин орун басары Надира Джусупбекованын билдирүүсүнө таянса, балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы механизмдер иштеп чыгууларда. Анын айтымында, зомбулук фактыларын өз убагында билүү үчүн «Э-Күндөлүк» тиркемесине атайын функция кошулган.
Бул жаңы функция «Коркпо, билдир!» деп аталат жана ал анонимдүү түрдө маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Учурда бул системаны автоматташтыруу жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча иштер улантылууда.
Ошондой эле мектептердеги тарбиялоо иштери үчүн жаңы программа бекитилген. Бул чаралар өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин жана коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.









