Бишкек шаарында өспүрүмдөр тобу баланы сабаган жагдай моделдештирилип, өткүнчүлөрдүн реакциясы текшерилди. Эксперимент мектеп окуучуларынын арасындагы коркутуп-үркүтүү, опузалоо жана зомбулук көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулду.

Тасмага тартуу учурунда көптөгөн өткүнчүлөр кайдыгер калбай, кырдаалга кийлигишип, болуп жаткан окуяны токтотууга жана өспүрүмдү коргоого аракет кылышканы байкалды.

Балдардын коопсуздугу — жалпы жоопкерчилик. Зомбулук жана коркутуу "кадимки өспүрүмдүк кырдаал" катары кабыл алынбай, чоңдор жана коом тарабынан өз убагында принципиалдуу баа берүүчү чөйрөнү биргелешип түзүү маанилүү.
ГУВД Бишкек

ГУВД ата-энелерди, педагогдорду жана бардык жарандарды балдарга карата коркутуу, опузалоо жана зомбулук учурларына кайдыгер карабоого чакырды. Ведомство мындай кырдаалдар бала үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

  • Өспүрүмдүн жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө өз убагында көңүл буруу зарыл.
  • Мыйзамсыз аракеттердин фактылары тууралуу дароо кабарлоо талап кылынат.