Бишкекте «Баланын коопсуздугу — ата-эненин жоопкерчилиги» деген ураан менен мектеп жетекчилиги жана ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү катышкан жыйын болду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэрдин орун басары Рахат Мусаева, райондук администрациянын кызматкерлери, прокуратура, ички иштер органдары, патрулдук милиция жана саламаттыкты сактоо тармагынын адистери, ошондой эле Свердлов районундагы мектеп директорлору жана ата-энелер катышты.

Адистер заманбап өспүрүмдөрдүн туш келип жаткан негизги коркунучтарын кенен талкуулашты. Атап айтканда, укук бузуулардын алдын алуу, психоактивдүү заттарды колдонууну болтурбоо, жол коопсуздугу жана интернет чөйрөсүндөгү терс таасирлерден коргоо маселелерине токтолушту.

Спикерлер үй-бүлөнүн ролуна өзгөчө көңүл буруп, балдар менен ишенимдүү мамиле түзүүнүн жана алардын жүрүм-турумундагы кооптуу өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматындагы сессия менен аяктады. Катышуучулар тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн квалификациялуу сунуштарды алып, ата-энелер менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз идеяларын айтууга мүмкүнчүлүк алышты.