Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, борборго Fujifilm AMULET SOPHINITY 2D жана биопсия жүргүзүү функциясы бар Fujifilm AMULET Innovality 3D моделдериндеги эки заманбап санариптик маммограф жеткирилди. Бул жабдуулар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен үчүнчү деңгээлдеги ооруканаларга жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында берилди.
Жаңы аппараттар эмчек безинин ооруларын диагностикалоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, текшерүүлөрдүн санын көбөйтүүгө жана бейтаптардын кезек күтүү убактысын кыскартууга шарт түзөт. Өзгөчө, борбордо алгачкы жолу маммографиялык көзөмөл астында биопсия жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү белгиленген.
Жабдууларды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Гулкан Молдобекова жана Чолпон Эсенаманова, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рюити Хирано жана JICAнын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Котаро Нисигату катышты.


























