Жусуп Баласагын атындагы КУУда «Россия жана Кыргызстан: достук жана ишеним аймагы» аттуу мектеп окуучуларынын долбоорлору боюнча улуттук конкурстун жыйынтыктары жарыяланды. Бул иш-чара үчүнчү жолу өткөрүлүп, өлкө боюнча айыл жана шаар мектептеринин мугалимдерин камтыды.

Конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн өзгөчө сыйлыктар каралган. Жеңишке жеткен педагогдор Москва шаардык педагогика университетинде квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

8жеңүүчү (Москвага барат)
2орун ээси (смарт-саат)
3орун ээси (бүлөлүк техника)

Иш-чараны Россиянын Улуттук коммуникацияларды өнүктүрүү изилдөө институту жана КУУнун Россиялык изилдөөлөр борбору биргеликте уюштурушту.