12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы өлкөлөрдүн курулуш министрлерин кабыл алды. Жолугушууда курулуш тармагын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары бул форматтын саясий мааниси жана актуалдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, кызматташтык практикалык мазмунга ээ болуп, жаңы демилгелер менен толукталууда. Өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоодо Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин ролу чоң экени айтылды.

Садыр Жапаров бул механизмдин натыйжалуулугун далилдеген кадамдарды эске салды. Алар: Сиань жана Астана шаарларында өткөн эки саммит, форматтын Катчылыгынын иштеши жана 2027-жылы Кытайда өтө турган үчүнчү саммит.

Өлкөдөгү ички маселелерге токтолгон Президент, Кыргызстанда «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул программа региондордо жеткиликтүү үй курууну жана ипотекалык кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөйт.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттери менен курулуш тармагындагы масштабдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.