Кыргызстандын жана Өзбекстандын транспорт жана байланыш министрлери Талантбек Солтобаев менен Илхом Махкамов Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жайгашкан негизги объектилерге барып, ишинин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Бул темир жол долбоору үч өлкөнү туташтырып, аймактын транспорттук инфратүзүмүн чыңдоону максат кылат. Министрлер курулуштагы учурдагы этаптар жана келечектеги пландар тууралуу кеңири маалымат алышты.