11-ноябрда Каракол шаарында жүк ташуучу унаа менен электроскутердин кагылышуусунан улам трагедия болду. Кырсык К. Карасаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү бул окуяны ырастады. Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсык учурунда Түп районунун тургуну М.М. (1980-жылы туулган) «HOWO» маркасындагы жүк ташуучу унааны башкарып, Карасаев көчөсү боюнча чыгыштан батышка карай жүрүп бара жаткан.
Унаа Орозбеков көчөсүнө оңго (түндүк багытка) бурулуп жатканда, анын алдында эле бир багытта бара жаткан Каракол шаарынын тургуну Т.С. (1956-жылы туулган) электроскутер менен жүрүп, жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында калган.
Натыйжада электроскутердин айдоочусы ошол жерде каза болгон.











