ИнсанЭскерүүлөр: 2

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Кытай өлкөлөрүнүн курулуш министрлери менен жолугушуп, курулуш тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана ири долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Президент бул багыттагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана өлкөнүн кызыкдарлыгын баса белгиледи, деп билдирди Президенттин Администрациясы.

Бишкек шаарында «Борбордук Азия – Кытай» курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстандын стратегиялык мааниге ээ болгон курулуш долбоорлору тааныштырылды. Иш-чарада инфраструктуралык объекттердин макеттери жана санариптик чечимдери көрсөтүлдү.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.