Мэриянын маалыматы боюнча, азыркы учурда көмүр базаларында отун запасы жетиштүү. Калкты кыш мезгилине көмүрдү алдын ала камдап алууга чакырышат.
Ленин району
Ленин районундагы көмүр базаларында 5 370 тонна көмүр бар. Тургундар «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып ала алышат:
- Ак-Ордо-3 конушу, Жума көчөсү, 498;
- Ак-Ордо-3 конушу, Жаңы-Муун көчөсү, 49;
- Новопавловка, Усупбаева көчөсү, 83/4;
- Мурманская көчөсү, 67а жана 126;
- Б. Алыкулова көчөсү, 3;
- Сарыкулакова көчөсү, 6д;
- Дэн Сяопин проспекти, 306а;
- Мурманская көчөсү, контур 45/2;
- Селекция, Таш-Рабат көчөсү, 4а.
«Мин-Куш» маркасындагы көмүрдү «Береке» көмүр базасынан (Мурманская көчөсү, 122а) жана Дэн Сяопин проспекти, 308/4 дарегинен табууга болот. «Шабыркуль» маркасы Б. Алыкулова көчөсү, 1д/1 дарегиндеги көмүр базасында бар. Аталган бардык маркалардын баасы тоннасына 7 000 сом.
Свердлов району
Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштейт. Бүгүнкү күндө райондун көмүр базаларындагы жалпы запас 5 550 тоннаны түзөт. Базаларда «Кара-Кече» жана «Шабыркуль» маркалары бар. «Кара-Кече» тоннасы 7 000 сом, ал эми «Шабыркуль» – 7 800 сом.
Октябрь жана Биринчи Май райондору
Октябрь районунда кышкы мезгилде калкты камсыздоо үчүн 1 713 тонна көмүр запасы бар. Учурда райондун бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр бар. Биринчи Май районунда 557 тонна көмүр бар.
«Кара-Кече» маркасын төмөнкү даректерден сатып алса болот: И. Айдарбекова көчөсү (мурдагы проспект).

















