Жаңы механизмдин шарттары

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бул келишим «Кыргызкөмүр» ААКынын калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоосун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Көмүр сатуу процессине ортомчулардын катышпашы баалардын төмөн болушуна шарт түзөт.

Азыркы механизм боюнча «Кыргызкөмүр» ишканасы отун базаларынын ишин камсыз кылып, көмүрдү түз сатууну уюштуруп, анын бардыгы жана баалары тууралуу маалыматты дайыма жарыялап турушу керек. Монополияга каршы кызмат келишимдин аткарылышын көзөмөлдөп, рыноктогу кырдаалга байкоо салат.

Баалар жана жеткирүү

Бишкек шаарында БПКО маркасындагы көмүрдүн чекене баасы тоннасына 7 миң сом деп бекитилди. Ал эми Чүй облусунда көмүрдүн баасы жеткирүү чыгымдарына жараша райондор боюнча айырмаланат. Көмүрдүн негизги баасы тоннасына 3 миң 21 сомду түзөт. Жалпы баага жеткирүү жана отун базасынын чыгымдары кошулат.

Чүй облусундагы баалар (тоннасына)

6,6 миңКемин району
6,7 миңЧүй району
6,85 миңЫсык-Ата району
7,2 миңАламүдүн жана Сокулук райондору
7,3 миңМосква району
7,4 миңЖайыл району
7,5 миңПанфилов району

Сатуу пункттары

Калк көмүрдү Бишкекте 19 отун базасынан, Чүй облусунда болсо 39 отун базасынан сатып ала алат.