Кыргызстанда көмүр быйыл ортомчуларсыз сатылат деп жарыяланды. Бирок, бир тоннасы 3 миң сомдон болбой турганы белгилүү болду.
Бишкек шаарында бир тонна БПКО көмүрүнүн баасы 7 миң сомду түзөт.
Чүй облусундагы баалар райондор боюнча:
Көмүрдүн баасы (сом)
Антимонополия кызматкерлеринин түшүндүрмөсү боюнча, көмүрдүн базалык баасы бир тоннасы үчүн 3 021 сомду түзөт. Калган сумма ташуу жана отун базаларынын чыгымдарына кетет.
Көмүрдү Бишкекте 19 базадан, ал эми Чүй облусунда 39 базадан сатып алууга болот. Жеткирүү иштерин "Кыргызкөмүр" ишканасы түздөн-түз ишке ашырат.













