22-июлда Ош облустук көркөм искусство музейинде Александр Дильбази атындагы жеке көргөзмө ачылат. Бул көргөзмө — эл аралык искусство маршрутуна кирген долбоор, сүрөтчүнүн философиялык көз карашын жашоонун ар түрдүү кырларын чагылдыруучу живопись аркылуу көрсөтөт.
Александр Дильбази — «Филарт» деп аталган өзгөчө сүрөт искусствосунун негиздөөчүсү. Анын чыгармачылыгы искусствону дүйнөнү философиялык түшүнүүнүн жолу катары карап, искусство менен ой жүгүртүү, ички тажрыйба биригет.
«Гранатовый сад» — бир жолу түзүлгөн эмес, туруктуу өнүгүп жаткан көркөм долбоор. 2015-жылы Москвадагы The Ritz-Carlton мейманканасында «Когда цветет гранат?» аттуу коллекциядан башталган бул долбоор азыркы тапта дүйнө жүзүндө таанылган чыгармачылык системага айланган.
Ош шаарында бул көргөзмөнүн ачылышы өзгөчө маанига ээ, анткени Ош — Борбор Азиянын эң байыркы маданий борборлорунун бири. Бул жер ар кыл салттар жана маданияттардын кесе-кес болуп, бири-бири менен байланышта болгон аймак.
«Гранатовый сад» долбоорунун маршруту Ош шаарынан улантылышы искусствонун бириктирүүчү күчүн жана маданий диалогду чыңдоону улантуу болуп саналат. Көргөзмө буга чейин Москвадагы Россия мамлекеттик китепканасында жана башка ири музейлерде ийгиликтүү көрсөтүлгөн.


















