Бишкек шаарында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз сүрөт музейинде Абдыжапар Омурчиевдин чыгармачылык жолун жана мурасын чагылдырган «Өчпөс из» көргөзмөсү ачылды.
Бул көргөзмө улуттук сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кыргыз маданиятын жакшыртуудагы ролу тууралуу сөз болду.
Абдыжапар Омурчиевдин эмгектеринде мекенге болгон сүйүү, адамга урматтоо, эркиндикке умтулуу менен таза табиятка болгон байланышы көрүнүктүү.
Чыгармачылыкта көчмөн маданияттын өзгөчөлүгү, улуттук салттар, эпос, орнаменттер, петроглифтер жана кыргыз элинин руханий баалуулуктары өзгөчө орун алган.
Көргөзмөдө кыргыз элдин тарыхы, маданияты жана руханий дүйнөсүн чагылдыратган чыгармалар жайгаштырылган.
Бул иш-чара аркылуу келечек муундарды Абдыжапар Омурчиевдин чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын мурасын жайылтуу жана кыргыз сүрөт өнөрүнө кошкон салмын урматтоо максат кылынган.
Көргөзмө 23-августка чейин уланат.









