С.А. Чуйков атындагы арт-галереяда өткөн "Жан дүйнө жаңырыгы" деп аталган бул сүрөт көргөзмөсүндө №19 мекемеде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Вячеслав Абдрашитовдун эмгектери коюлду.

ЖАМКтын басма сөз кызматы билдиргендей, экспозицияга бардыгы 20 сүрөт коюлган. Көргөзмөнүн ишинин алгачкы саатында эле келгендер анын 15ин сатып алып кетишкен, бул автордун чыгармачылыгына болгон чоң кызыгууну көрсөттү.

Сүрөттөрдүн баасы 4 миң сомдон 12 миң сомго чейин болгон.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине мамлекеттик органдардын, чыгармачыл коомчулуктун, жарандык коомдун, ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышты. Коноктор сүрөтчүнүн эмгектери менен таанышып, уюштуруучулар менен баарлашып, жактырган эмгектерин сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жаза аткаруу кызматы көргөзмө соттолгондорду ресоциализациялоо программасынын алкагында уюштурулганын белгиледи. Анын максаты — чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, өзүн-өзү ишке ашырууга колдоо көрсөтүү жана позитивдүү турмуштук багыттарды калыптандырууга көмөктөшүү.

Мындай иш-чаралар искусство тарбиялык таасир этүүнүн маанилүү куралы экенин көрсөтөт. Ал инсандын руханий өнүгүүсүнө, чыгармачылык жөндөмдөрүн ачууга жана позитивдүү өзгөрүүлөргө болгон мотивацияны калыптандырууга көмөктөшөт.
ЖАМКтын билдирүүсүнөн