22-июлда Бишкекте, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Улоо. Мугалим жана окуучу» көргөзмөсү расмий түрдө башталат.
Бул долбоор бир нече жылдан бери ишке ашып келе жаткан чыгармачылык демилге болуп, ар кайсы муундагы сүрөтчүлөрдү бирдикте чыгармачылык мейкиндикте чогултуп келет.
Көргөзмөдө сүрөт тартуу, графика жана керамика жаатындагы чыгармалар көрүүчүлөргө сунушталат. Алар ар түрдүү муундун сүрөтчөлөрүнүн чыгармачылык издөө жолдорун чагылдырат.


















