Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, муниципалдык «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы жылуулук сезонунда казанканаларды ишке киргизүү жана абоненттерди жылуулукка кошуу иштерин улантууда. Бүгүнкү күнгө карата турак үйлөрдүн 80%ы жылуулук менен камсыз болду.
Жылуулукка кошулгандар
Саат 10:00гө карата жылуулукка кошулган объектилердин көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: турак үйлөрдүн 80%ы, казанканалардын 99%ы, саламаттык сактоо мекемелеринин 100%ы, балдар бакчаларынын 98%ы, мектептердин 97%ы, жогорку окуу жайларынын 100%ы жана башка бюджеттик уюмдардын 100%ы.
Эскерте кетсек, керектөөчүлөрдү жылуулукка кошуу этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте жылуулук саламаттык сактоо мекемелерине, балдар бакчаларына, мектептерге жана башка социалдык маанидеги мекемелерге берилет, деп белгилешти мэриядан.
















