Бишкек шаарында граффити маданиятына арналган көркөм көргөзмө башталды. Бул долбоор жаш сүрөтчүлөрдү жана авторлорду бириктирип, аларды жалпы чыгармачылык баалуулуктар, кызыкчылыктар, жашоо стили жана музыкалык табит аркылуу байланыштырат.

Иш-чара Фрунзе көчөсү, 587 дарегинде өтүүдө жана шаар тургундарына жаңы чыгармачылык багытын таанытып, жаштардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.