Статистикалык маалыматтардын негизинде Бишкек шаарынын өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүндөгү салымы өсүү тенденциясын көрсөтүүдө. Эгерде 2021-жылы бул көрсөткүч 13,2% болсо, азыркы учурда ал 16,5%га жетти.
Өлкө боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн эң чоң үлүшү дагы деле Чүй облусуна туура келет. Бирок, бул аймактын көрсөткүчү белгилүү бир деңгээлде төмөндөгөн.
Чүй облусунун үлүшү45,3 %44,5 % −1,8%
Ошондой эле башка региондордогу өзгөрүүлөрдү байкаса болот. Талас облусунун өндүрүшүндөгү үлүшү жогорулаган болсо, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында азайган.
Региондордогу өзгөрүүлөр
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, республиканын бардык региондорунда өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүндө өсүү байкалган. Бул өсүү Ысык-Көл облусунан тышкары бардык аймактарда катталган.










