Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын жетекчилери бейформал консультативдик жолугушууга чогулушту. Жыйын башында өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарына таянып, ички интеграцияны бекемдөө аракеттери айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө баарлашуу улантылып, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана регионалдык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган маселелер каралды.
Жыйындын соңунда тараптар саясий ишенимдин жогорку деңгээлдеги белгиси катары Чолпон-Ата декларациясын кол коюшту. Документ биргелешкен геоэкономикалык аянт түзүү боюнча даярдыктарды тастыктады.
"Борбор Азия+" форматы мурдагы саясий жыйындарга салыштырмалуу натыйжалуу болуп, регион өлкөлөрү өздөрүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрүн – экономика жана табигый ресурстарды өз алдынча иштетүүдө. Алар тышкы чечимдерди күтпөй, транзиттик коридорлорду түзүп башташты.
Кыргызстан азыр интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги аянтчаларынын бири болуп турат. Бул тууралуу Эл аралык бизнес кеңешинин аткаруучу директори Аскар Сыдыков «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

















