Кыргызстан 2027-жылы Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандык авиация жаатындагы кызматташтыгы боюнча C5+1 IV конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу 3–5-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн III конференциянын жыйынтыгында белгилүү болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы катышты. Конференциянын алкагында жарандык авиацияны өнүктүрүү, аймактык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөлөр ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.
Аба каттамдарын кеңейтүү маселеси
Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын (CAAC) өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүү жана алардын жыштыгын көбөйтүү боюнча маселелерди карашты. Ошондой эле Өзбекстандын авиациялык бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, каттамдарды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2027-жылы Кыргызстан конференцияны уюштуруучу тарап катары чыгат. Бул Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын авиациялык администрацияларынын ортосундагы аймактык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.








