Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Борбор Азия мамлекет башчылары менен Азербайжан президентинин неформалдык консультативдик жолугушуусу улантылууда.
Бул жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.
Жолугушуунун негизги максаты — аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекет башчыларынын түз диалогун камсыз кылуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.
2025-жылы Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын VII консультативдик жолугушуусунда Азербайжан ушул форматка толук укуктуу мүчө катары кошулган. Бул чечим Борбор Азия менен Түштүк Кавказ ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жолунда маанилүү кадам катары бааланган.
Жаңы кеңейген формат мамлекеттер ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Азербайжандын бул форматка катышуусу Борбор Азия менен Түштүк Кавказ аймагынын стратегиялык байланыштарын бекемдөөгө шарт түзөт, ошондой эле транспорттук багыттар боюнча кызматташтыкты күчөтөт.
Жолугушуунун катышуучулары аймактагы туруктуулукту, өз ара ишенимди жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү чыңдоо боюнча аракеттерди улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жыйынтыгында мамлекет башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.














