Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн байланыш тобунун экинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары катышты. Бул тууралуу КР ТИМ маалыматында айтылат.
Катышуучулар Ооганстандагы учурдагы аскердик-саясий, социалдык-экономикалык жана гуманитардык абал, өзгөчө калктын аярлуу катмарынын абалы жана анын Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна жана туруктуулугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.
Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан менен кызматташуусунун абалы жана келечеги, биргелешкен соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар Ооганстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү аймактык аракеттердеги маанисин белгилешти жана трансчекаралык кылмыштуулук, терроризм, экстремизм жана баңгизат сатуу менен күрөшүүнү кошкондо, аймактык коопсуздук жаатында координацияны улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Бул жаатта жыйындын катышуучулары аймак өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен Ооганстандын азыркы бийлиги менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын тарыхый окуя катары жогору баалашты. Катышуучулар социалдык-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана гуманитардык долбоорлорду илгерилетүү үчүн БУУнун алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.














