VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүшүндө Чоң-Алай районундагы иш-чаралар аяктап, эми Алай районуна багыт алды.

29-июлда Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Бекназар Бакыбековдун жетекчилиги астында кербен Алайга сапар алды. Бул жүрүшкө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана жергиликтүү тургундар кошулуп, ыраазычылык тилектерин айтып узатып беришти.

«Биримдик кербени» өлкө аймагындагы биримдикти бекемдөө, улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана көчмөн маданиятынын бай мурасын элге жеткирүү максатында өткөрүлүүдө.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Б.Бакыбековдун айтымында, кербенде он атчан бар. Алар 30-июлда Кашка-Суу айылына жетишти. Ошондой эле, 3-августта Алай районунун аймагына кирет деп күтүлүүдө.

Чоң-Алай район аймагында ар бир айылдан катышуучулар жыйналган жана Дароот-Коргон айылынан он атчан менен жолго чыкты. Алайдан кийинки максат Кара-Кулджин районуна багыт алуу болуп саналат.