«Биримдик кербени» — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган улуттук масштабдагы 40 күндүк жүрүш болуп саналат. Ноокат районундагы иш-чаралар аяктагандан кийин, кербен Араван районунун багытына жол алганы маалым болууда.
Ноокат районунун акиминин Нурлан Керимкулов билдиришинче, кербен учурунда Абшыр-Ата суусун символикалык түрдө алуу аземи өткөрүлдү. Муну менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана калк меймандос маанайда узатышты.
Жүрүштүн негизги максаты — кыргыз элинин биримдигин чыңдоо менен улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана көчмөндөрдүн бай маданий мурастарын кеңири жайылтуу болуп саналат. Учурда кербен белгиленген маршрут боюнча Араван районуна багыт алууда.

