«Биримдик караваны» — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган 40 күндүк улуттук аттуу жүрүш болуп саналат. Бул иш чаранын максаты региондордун биримдигин бекемдөө, улуттук салт-санааларды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле элди бириктирүү болуп саналат.

Баткен облусунун Кадамжай шаарына карай улактап келе жаткан делегация Лейлек жана Баткен райондорунан катышкан атчандардан түзүлгөн. Ал жерде аларды Баткен облусунун вице-президенттик өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кадамжай районунун акими Болоткан Баякеев ж.б. жергиликтүү жетекчилер тосуп алды.

Кадамжайда «Биримдик караванына» райондун өзүнүн атчандары кошулуп, аксакалдар менен ак элечек кийген аялдардын баталары менен сапар уланды. Андан соң катышуучулар Кызыл-Кыя шаарына багыт алышты.

Иш-чарада кыргыз улуттук салттары көрсөтүлүп, биримдиктин, макулдуктун жана улуттук баалуулуктардын символу болгон «Биримдик караваны» өз максатына ылайык иш алып баруусу белгиленди.