Баткен облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында 40 күндүк «Биримдик кербени» улуттук жүрүшү старт алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун алкагындагы биринчи иш-чара Лейлек районунун Тоо жайлоосундагы Шооваз ыйык булагынан суу алуу салтанаты болду. Салттуу жөрөлгө кыргыздын улуттук каада-салттары жана көчмөн маданиятынын элементтери менен коштолду.

Салтанат учурунда Шооваз булагынан алынган суу Лейлек районунан тандалган он атчанга салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алар 25-июлда Раззаков шаарынан өлкө аймагын аралап өтүүчү 40 күндүк улуттук жолго чыгышат.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, тургундарды долбоордун башталышы менен куттуктап, катышуучуларга ийгиликтүү жол каалады.

Ыйык булактардан алынган суу элге бакубатчылык, жерге тынчтык, ал эми өлкөгө өнүгүү алып келиши керек.
Мамыржан Рахимов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

«Биримдик кербени» долбоорунун башкы максаты — кыргыз элинин биримдигин бекемдөө, анын тарыхын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, улуттук салттарын жана маданий мурастарын жайылтуу.

Долбоордун өзгөчөлүгү — Кыргызстандын 40 районундагы ыйык булактардан алынган суулар өзүнчө салттуу көөкөрлөргө чогултулат. Ар бир райондон жүрүшкө 10дон атчан катышып, жалпы 400 катышуучу сууну өлкө боюнча алып өтүшөт.