Бишкектеги Улуттук тарых музейинде VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 40 күн калганына арналган презентация болуп өттү. Иш-чарада оюндарга даярдык, атайын жайгашкан жерлери жана маданий программасы тууралуу маалыматтар коомчулукка сунушталды.
Презентацияга белгилүү актерлор, ырчылар, блогерлер, артисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максутов курулуп жаткан "Кырчын" этношаарчасы, Оюндар учурунда өтө турган маданий иш-чаралар, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи тууралуу айтып берди.





















