Чүй облусунун Кант шаарынын тургуну Айсулуу Болотова 13 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал табигый кийизден панно жана сумкаларды жасап, эмгектеринде сайма жана кыргыз улуттук оюмдарын колдонот.
Уз айым өзүнүн чыгармачылык жолу тууралуу айтып берди. Ал 1991-жылы 10-октябрда Балыкчы шаарында төрөлүп, азыр Кант шаарында жашайт. Бишкек гуманитардык университетинин социалдык-психология факультетин аяктаган, бирок алган адистиги боюнча иштеген эмес. Учурда дизайн-студияда эмгектенет.
Анын буюмдарынын баасы жумуштун татаалдыгына, көлөмүнө жана колдонулган материалдарга жараша болот. Уз айым буюмдарын жакындарына белек кылууну жакшы көрөт, анткени өз колу менен жасалган белек өзгөчө мааниге ээ деп эсептейт.













