Кара-Кул шаарында 1963-жылы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн баасы акыркы жылдарда бир топ өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты менен жолугушууда шаардыгы урматтуу жараны Адыл Дарбишев билдирди.
Ал айтымында, Пойма аймагындагы айрым батирлердин баасы азыркы учурда болжол менен 5 миллион сомго жетип калган.
Мындан сырткары, Исанов көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн кээ бирлери 15 миллион сомго бааланууда.
Кара-Кул шаары Токтогул гидроэлектростанциясын куруп жаткан учурда негизделген. Ошондо көп кабаттуу үйлөр негизинен гидростанциянын курулушчулары үчүн убактылуу турак жай катары салынган.
Азыркы учурда Адыл Дарбишевдин билдиришинче, шаарда турак-жайдын баасы менен бирге күнүмдүк жашоо чыгымдары да өскөн, көптөгөн товарлар менен кызматтар кымбат болуп турат.















