Мектеп директору Владимир Гуцалов «Кабар» агенттигине берген маегинде мектептин негизги максаты — таланттуу жаштарды тарбиялоо экенин белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы мектепке 600 миң сом бөлүнгөн, ага музыкалык аспаптар сатылып алынган.
Жакында эстрадалык ансамбль үчүн зарыл болгон жабдуулар да берилген. Бирок мектеп имаратын кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо муктаждыгы сакталууда. Кээ бир колдонулуп жаткан музыкалык аспаптар эскирген.
Мындан тышкары, Владимир Гуцалов акыркы жылдары мугалимдердин эмгек акысы жогорулаганын белгилеп, буга ыраазычылык билдирди. Ал маданий билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртууга мындан ары да көңүл бурулушун каалай турганын кошумчалады.























