Чүй облусунун Аламүдүн районунда мамлекетке 70 миллион 540 миң 200 сомдук жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, райондук прокуратура 1998-жылы Таш-Мойнок айыл аймагындагы жалпы аянты 0,54 гектар болгон жайыт жерлери «К.» ЖЧКсына мыйзамсыз берилгенин аныктаган.
Кайтарылган жер тууралуу маалымат
Прокурордук чаралардын натыйжасында бул жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 0,54 га, баасы 70 млн 540 миң 200 сом болгон жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Көзөмөл органы жер тилкелери кандай негизде компанияга берилгенин жана алар максаттуу пайдаланылган-пайдаланылбаганын тактаган жок.
Ошондой эле жайыт жерлерин мыйзамсыз берүүгө жол берген кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган-тартылбаганы тууралуу маалымат берилген эмес.




















