Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, 31-октябрда Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев аймакты кыдырып, бир катар объектилерди текшерди. Алгач ал Карагай токоюна барып, Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) боюндагы Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө (мурдагы Элебесов көчөсү) чейинки сейилдөө аянтчасын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле Пионер жана Комсомол көлдөрүнө геомембрана төшөө иштери текшерилди. ЧЧКнын бойлоп америкалык ак челек жана карагай көчөттөрү отургузулду.
Андан соң район башчысы Аул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөнү карап чыкты. Бул жерде негизги көңүл чектеш аймактагы мыйзамсыз курулуштарды жана объектилерди аныктоого бурулду.
Акыркы токтоп өткөн жер Элебесов көчөсү болду. Ал жерде автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү көрүлүп, иштин ылдамдыгын жогорулатуу жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо зарылдыгы белгиленди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана подрядчы уюмдарга иштерди тездетүү, сапатын камсыздоо жана пландалган иш-чараларды өз убагында ишке ашыруу тапшырылды.
Свердлов административдик районун көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү иштери туруктуу көзөмөлдө турат.

















