ИИМдин маалыматы боюнча, укук коргоо органдары АКШдан Кыргызстанга баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирип, андан ары сатуу схемасын аныкташкан. Бул иш-аракет уюшкан баңги тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн версиясы: почта аркылуу жашыруун жеткирүү
Такталгандай, 2024-жылдын башында АКШда убактылуу жашаган жаран Х.Т. өзүмчүл кызыкчылыктан улам Кыргыз Республикасына баңгизат жана психотроптук заттарды контрабандалык жол менен жеткирүү каналын уюштурган.
Тергөө материалдарына ылайык, Х.Т. АКШда марихуана (кургатылган гүлдөр) жана психотроптук заттарды сатып алып, аларды ар кандай керектөө товарларынын түрүндө жашырып, тааныштарынын атына жазылган эл аралык почта жөнөтүүлөрү аркылуу Кыргызстанга жиберген.
Кийинчерээк аталган посылкаларды алуучулар үчүнчү жактарды тартуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатууну уюштурушкан. Ошентип, АКШдан контрабандалык алып келүүнү камтыган транснационалдык схема иштеп келген.
Азыркы учурда шектүү Кыргызстанга жеткирилип, тергөө иштери уланууда.

















