Акыркы жылдары маданият тармагына, анын ичинде музыкалык билим берүүгө көңүл күчөдү. Бул тууралуу К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучусу Ирина Нуждина маданият кызматкерлерин сыйлоо аземинин жүрүшүндө билдирди.

Ал бул окуу жайда 30 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты. Эмгек жолун концертмейстер катары баштап, акыркы беш жылдан бери камералык ансамбль кафедрасында ага окутуучу болуп эмгектенет.

Мурда мен вокалисттер менен фортепианодо ойночумун, азыр болсо жаш пианисттерди концертмейстердин ишине жана камералык ансамблде ойноого үйрөтөм. Менин окуучуларымдын конкурстарда жеңишке жетип, өлкөбүздү таанытып жатканын көрүү мен үчүн чоң сыймык. Мүмкүнчүлүгүмө жараша Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуп жатам.
Ирина Нуждина, Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучусу

Нуждина жаңы министр менен бир нече жолу жолугушуп, жумуш маселелерин талкуулаганын белгиледи. Анын айтымында, министр сунуштарга жана өтүнүчтөргө кунт коюп мамиле кылып, маселелерди чечүүгө кылдат мамиле жасайт.

Быйыл консерваториянын биринчи курсуна тапшырган абитуриенттердин саны да көбөйдү. Бул өлкөдө маданият экинчи планга сүрүлбөй жатканынын жакшы көрсөткүчү деп ойлойм.
Ирина Нуждина

Окутуучу маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамында эмгеги бааланып, Ардак грамота менен сыйланганына кубанычта экенин билдирип, жетекчиликке ыраазычылык айтты.