Кыргызстандын U-15 курама командасы бүгүнкү беттеште Катарды жеңип, мелдештин кийинки баскычына өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын жаштар курамаларынын расмий баракчасында маалымдалды.
Оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш голдорун Амангелди Асанбеков жана Байэл Жанышбеков киргизишти.
Эми биздин команда турнирдин топ-50 орундары үчүн Кытай курамасы менен кез келет. Кытайлыктар ошол эле баскычта Малайзияны утуп алышкан.
Турнирдин форматы
Дүйнө чемпиондугуна 2011–2012-жылдары туулган оюнчулардан турган 190 команда катышууда. Матчтар адаттан тыш 8×8 форматында, кичинекей аянтчаларда өтөт.
Кыргызстандыктар U тайпасында экинчи орунду ээлеп, өз тайпаларында экинчи болгон командалар менен бирге B дивизионуна түшүштү.
Турнирдин көрсөткүчтөрү














