Ош облусунун Үзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагындагы Кароол айылында Айдарали уулу Абдырахман көчөсүндө 350 метр арыкты бетондоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Долбоорго Кароол айыл өкмөтүнүн жана "Кароол" муниципалдык ишканасынын бюджетинен 1 миллион 930 миң сом бөлүнгөн. Бул каражат арыктын 350 метр бөлүгүн бетондоого жумшалат.
Иштер жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын канааттандырууга, сел жүрүү жана суу каптоо коркунучун алдын алууга, сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга жана анын жоготууларын кыскартууга багытталган.
1 930 000 сом Долбоордун баасы
Бул сумма Кароол айыл өкмөтүнүн жана "Кароол" муниципалдык ишканасынын бюджетинен бөлүнгөн.






















