Аксы районундагы Авлетим токой чарбасынын кызматкерлери жабайы жаныбарлардын тобун видеого тартышты. Бул көрүнүш жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-чараларды өткөрүү учурунда катталган.

Адистердин айтымында, жабайы жаныбарлардын мындай көптүк менен пайда болушу алардын табигый чөйрөсүнүн сакталып жаткандыгынын жана популяциянын өсүшү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнүн оң белгиси болуп саналат.

Мындай көрүнүш жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык тең салмактуулукту кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.

Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан мамлекеттик коруктарда, токой чарбаларында жана өзгөчө корголгон табигый аймактарда жаныбарларды браконьерлерден коргоо жана алардын көбөйүшүн камсыздоо боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө.