Сузак районундагы Кок-Жангак көмүр кенинин Түлек участогунда көмүрдү мыйзамсыз казуу жана аны сатуу учурлары аныкталды. Мыйзам бузуулар Маркай айылындагы лицензияланган аймакта жана ага чектеш жерлерде кармалган.
«Кыргызкөмүр» ААКнын түштүк филиалынын кызматкерлери Сузак райондук администрациясынын, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгынын жана башка ведомстволордун кызматкерлери менен бирге ошол жерге чыгышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз көмүр казуу жүргүзүлгөн жерлер жабылды.







