Аксы районунда токой чарбасынын кызматкерлери рейддик иштерди жүргүзүп жатканда кабанлардын бүтүндөй бир үй-бүлөсүн көрүп калышкан. Бул көрүнүш видео камерага түшүп калган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, адистер жаныбарлардын мындай жыйнактуулугун аймактын экологиялык абалынын жакшылыгынын белгиси катары баалоодо. Бул жаныбарлардын жашоосу жана көбөйүүсү үчүн токойдо бардык шарттар бар экенинен кабар берет.