Баткен районунун Зардалы айылында жашаган тургундар дикий кабандардын санынын кескин көбөйгөнүн байкошууда. Айыл тургундары кабандардын кукуруз, картошка сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнө чоң зыян келтирип жатканын айтышууда.
Тургундар ошондой эле кабандардын өлгөн малдарды жеп жатканын видеого тартып алышты. Видеодогу кадрларда кабандар Ормузан жайытында сүзүлүп калган малдын этин жеп жатканын көрүүгө болот.
Бул көйгөй аймактагы башка айылдыктар тарабынан да байкалууда. Мисалы, Лейлейк районунун аймагында дикий кабандардын чоң топтору көрүнүүдө, кээде 20дан ашуун кабан топ болуп жүрөт.













