Кыргыз эли ынтымактуу жана бирдиктүү жашашы, ал эми ар бир жаран мамлекеттин өсүшүнө жана өнүгүүсүнө өз салымын кошушу зарыл. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине мамлекеттик жана коомдук ишмер, Ош облусунун ардактуу жараны Айкокул Мырзакаримова айтты.
Айкокул Мырзакаримованын белгилөөсүнчө, Президент Садыр Жапаровдун кыргызстандыктардын кайрылуусу өлкөдө тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.
Ош облусунда жана Ош шаарында көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашашат. Алардын ичинде кыргыздар, өзбектер, татарлар, казактар, корейлер жана башка улуттар бар. Баарыбыз ынтымактуу жана бирдиктүү жашап жатабыз. Азыр мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп, алдыга карай жылып жатат.
Коомдук ишмердин айтымында, учурда мамлекет көптөгөн өлкөлөр менен кызматташтыкты орнотуп, башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушууда. Ошондуктан, өнүгүү жолунан четтеп кетпөө жана Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн чын жүрөктөн каалашы керек. Мамлекеттик медиа каражаттары аркылуу эл Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай аракеттерди жасап жатканын көрүп, угуп жатат. Мындай шартта калк арасында бөлүнүүнү жана провокацияларды жол бербөө зарыл.}},
Акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, өлкөдө бир катар маанилүү курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Кыйынчылыктар болгонуна карабай, мектептер жана бала бакчалар курулуп, жайыттар чейинки жолдор оңдолууда.
- Ошская
- Ош
geoBoundaries, © OpenStreetMap














