Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунун адистери кыздардын интимдик гигиенасын сактоо жана бала кезден өзүнө туура кам көрүү эрежелери тууралуу маалымат беришти.
Борбордун маалыматы боюнча, интимдик ден соолукка кам көрүү татаал процедураларды же атайын каражаттарды талап кылбайт. Тескерисинче, ашыкча гигиена жана текшерилбеген каражаттарды колдонуу назик терини жана былжыр челди дүүлүктүрүп коюшу мүмкүн.
Негизги сунуштар
- Сырткы жыныс органдарын тазалоо үчүн жылуу суу жетиштүү. Ичинен жуунуунун кереги жок.
- Эгерде алардын таасири дүүлүктүрүп жатса, жыты бар гелдерди, спрейлерди жана ванна үчүн көбүктөрдү колдонбоо сунушталат. Кичинекей кыздар үчүн агрессивдүү тазалоочу каражаттарды колдонбоо өзгөчө маанилүү.
- Ич кийимди күн сайын же кирген сайын алмаштыруу керек. Ошондой эле, ыңгайлуу жана терини сыркап албаган кийимдерди тандоо зарыл.
- Ичеги бактерияларынын жыныс органдарына түшүү коркунучун азайтуу үчүн, кыздарды алдынан артка карай сүртүүгө үйрөтүү маанилүү.
Качан дарыгерге кайрылуу керек?
Адистер кыздардын ден соолугунда төмөнкү белгилер байкалса, өз алдынча дарылануудан качуу керектигин айтышты:
- кычышуу,
- күйүү,
- заара кылуу учурундагы оору,
- өзгөчө бөлүнүп чыгуулар же кызаруу.
Мындай учурларда педиатрга же бала гинекологуна кайрылуу зарыл. Ошондой эле, гигиена жөнүндө кыздар менен уят кылбай, коркутуусуз, тынч сүйлөшүү маанилүү экени белгиленди.






