Жалал-Абад облусунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык турнирлерде, Азия жана дүйнө чемпионаттарында алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларды жана алардын тренерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилиги катышты. Өткөн жылы облустун атлеттери ар кандай спорт түрлөрү боюнча эл аралык аренада ийгиликтерди жаратып, алтын, күмүш жана бронздук медальдарды утуп алышкан. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар да эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды ээлегендиги белгиленди.
Сыйлык алуучулардын саны
Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын колдоо жана жогорку натыйжалар үчүн стимул берүү максатында, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан акча каражаты бөлүндү.
710 000 сыйлык катары бөлүндү
спортчуларды жана тренерлерди колдоо үчүн бөлүнгөн сумма

















