Ленин райондук ички иштер башкармалыгына (УВД) жаран С.Д. арыз менен кайрылып, жаран К.У.га карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 15-августта Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» турак-жай конушунда К.У. телефондорду кулпусун ачуу шылтоосу менен алдап, iPhone 14 Pro Max жана iPhone 17 Pro телефондорун жана 15 миң сомун алып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жабырлануучуга жалпы 185 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча УВДнын тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган шектүү К.У. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал КР Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, ГУВДнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда шектүүнүн дагы беш окшош кылмышка тиешеси бар экени текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылууда.

















