«Ынтымак Ордо» имаратында Улуттук үй-бүлө, гендердик өнүгүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо боюнча кеңештин жыйыны өттү.
Жыйынга 34 мүчө катышып, балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева башында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр чогулду.
Күн тартибинде чет өлкөлөрдөн кайтарылган балдардын укуктарын коргоо, аларды руханий жактан тарбиялоо, аялдардын лидерлик өнүгүүсү программалары жана социалдык контракттын ишке ашуусу талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир ведомстводон аткарылган иштер жөнүндө маалымат берилди жана бир катар сунуштар айтылды.







