Манастагы №53 мекемесинде (тергөө абагы) кармалып турган 48 жаштагы А.Т.Т. атындагы киши Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине кайрылган. Ал 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалганын, ошол түнү Сузак РИИБге алып келингенин айткан.

Анын айтымында, тергөө учурунда ыкчам бөлүмдүн кызматкери физикалык күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алуу көрсөтмөсүнө кол коюуга мажбурлаган. Андан кийин аны Октябрь айылындагы милициянын таяныч пунктуна которушуп, ал жерде эки күн тамаксыз кармашкан. 1-октябрда кайра Сузак РИИБге алып келишкен.

3-октябрда Сузак РИИБде аны кайра сабашканын, жамбашына жана башына таяк менен урганын, кулагына жана көкүрөгүнө кол менен чапканын билдирген. Ошондой эле ага карата кордоо сөздөр айтылганын кошумчалаган.

Акыйкатчынын катчылыгы 9-октябрда тергөө абагына барып, карантин бөлүмүндөгү киши менен сүйлөшкөнүн, ал физикалык зомбулукка кабылганын айтканын билдирди. Ага медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана Стамбул протоколун түзүүгө жардам көрсөтүлгөн.

Аталган киши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өздөштүрүү же ысырап кылуу») боюнча шектелүүдө. Ал өзүнө карата күч колдонуу, денеге залал келтирүү жана коркутуу фактыларына укуктук баа берүүнү суранган.

Материалдар текшерүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.