Кечээ, 10-ноябрда милицияга Сокулук районундагы бир дача массивде такси айдоочуга белгисиз адамдын тайкач менен кол салып, жаракат келтиргени жөнүндө билдирүү түшкөн. Жабырлануучу С. А., 1982-жылы туулган айдоочу болгон.
Милициянын маалыматы боюнча, кол салуудан кийин шектүү адам жабырлануучуну ооруканага алып барып, андан соң анын автоунаасы менен качып кеткен.
Өткөрүлгөн ыкчам-изилдөө иштеринин жүрүшүндө шектүү адамдын ким экени аныкталган. Ал 2007-жылы туулган Т. А. болуп чыккан. Ал кармалып, райондук башкармалыкка жеткирилген.
Кылмыш Чүй облусунда жасалгандыктан, кармалган адам аймактын ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.













