Жалал-Абад облусундагы акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери милиция тарабынан кыйноого алынганын айткан кармалган жаранга колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

9-октябрда өкүлчүлүктүн кызматкерлери Манас шаарындагы ЖАКтын №53 мекемесине (СИЗО) барышкан. Мониторинг учурунда карантиндик бөлүмдө жаткан жаран милиция кызматкерлеринин физикалык күч колдонгонуна даттанган. 48 жаштагы А.Т.Т. акыйкатчыдан укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам берүүнү суранган.

Кылмышка шектелген жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү өздөштүрүү же коротуу») боюнча шектелүүдө. Аны ички иштер органдарынын кызматкерлери 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармашкан.

  • 28-сентябрь — А.Т.Т. Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалган. Түн ичинде Сузак РИИБге алынып барылган, ал жерде ыкчам бөлүмдүн кызматкери сурак учурунда физикалык күч колдонуп, күнөөнү мойнуна алуу көрсөтмөсүнө кол коюуга мажбурлаган.
  • 29–30-сентябрь — Октябрьское айылындагы ПОМго которулган, ал жерде эки күн тамаксыз кармалган.
  • 1-октябрь — Кайра Сузак РИИБге алынып келинген.
  • 3-октябрь — Сузак РИИБде кайра сабалган: таяк менен жамбашка жана башка соккулар урулган, кол менен кулак жана көкүрөк тушка чабылган.

Дагы бир факт: арыз ээси 28-сентябрда кармалгандан кийин Сузак РИИБдин ыкчам бөлүмүнүн кызматкери аны кыйнап, күнөөнү мойнуна алууга мажбурлаганын айткан. Анын сөзү боюнча, ал эки күн бою Октябрьское айылындагы ПОМдо тамаксыз кармалып, 3-октябрда Сузак РИИБде таяк менен жамбашка жана башка сабалган.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, кармалган адамга медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана Стамбул протоколун түзүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Материалдар текшерүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.