УюмЭскерүүлөр: 2

Жалал-Абад облусундагы акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдирген кармалган жаранга жардам көрсөтүштү. Ал медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, Стамбул протоколу түзүлдү. Материалдар текшерүү үчүн прокуратурага берилди.

Бишкектеги тергөө абагында отурган 48 жаштагы киши Акыйкатчыга кайрылып, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны кыйнап, сабап, күнөөсүн мойнуна алууга мажбурлаганын билдирди. Ал ошондой эле милиция бөлүмүндө эки күн тамаксыз калганын айтты. Материалдар текшерүү үчүн прокуратурага өткөрүлдү.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.